Бала бакчалардын директорлорунун айлык акысы 2,5 эсеге өстү.
Агартуу министрлигинин бөлүм жетекчиси Акыйкат Баймуратова белгилегендей, 2024-жылы мектеп директорлорунун маянасы 50 пайызга жогорулаганда, бала бакча башчыларынын айлыгы көтөрүлгөн эмес.
Андан тышкары, бакчаларда жардамчы тарбиячалар бар. Алар болгону 11 миң сом алып келишкен. Бул кызматкерлер тартыш болуп жаткандыктан, эмгек акысы 2,5 эсе жогорулатылды”,-деди Баймуратова.



