Балага паспортту ата-энесинин биринин гана арызы менен бере баштоо каралууда

Министрлер кабинети ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду тариздөө тартибин өзгөртүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ал документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

 

Ага ылайык, 16 жашка чейинки балдарга жалпы жарандык паспортту ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн биринин арызынын негизинде тариздөөгө уруксат берүү сунушталууда. Эгер ата-эне жеке өзү келе албаса, анда нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдук жана ишеним кат талап кылынат.