“Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү 67 миң 500 балага дайындалды

“Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү 67 миң 500 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Бул максатта республикалык бюджеттен 271 миллион сом бөлүнгөн.

 

Министрлик эске салгандай, “Балага сүйүнчү” – жаңы төрөлгөн ымыркайы бар үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо катары республикалык бюджеттин эсебинен берилүүчү бир жолку төлөм. Анын өлчөмү 4 миң сомду түзөт.