Кыргызстанда балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы уланууда.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орун бар каалаган мектепке баласын каттата алышат.
Бүгүнкү күнгө карата жеткиликтүү болгон 193 миң орунга 121 миңден ашык арыз түшкөн. Арызды “Мектеп” сайты же “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот.
Биринчи класска 2019-2020-жылдары төрөлгөн балдар кабыл алынат.



