Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын техникалардын жардамы менен жолдун 92-чакырымындагы, сел агымынын кесепетинен жабылып калган тилке тазаланды.
Учурда жол унаа кыймылы үчүн ачык. Унаалардын коопсуз жүрүшүн камсыздоо максатында жолду кеңейтүү жана толук тазалоо иштери улантылууда.



