Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу кыймылга ачылды

Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу кыймылга ачылды.

 

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон эске салышкандай, жолдун 92-95-чакырымдарын камтыган тилкеси 5-июнда селден кийин жабылган. Жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүп, учурда трасса эки тараптуу ачык.