Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда 126–134-чакырым аралыгында жүрүп жатат.
Учурда жолдун оң тарабындагы тилкеде асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү. Муну менен катар жолдун инженердик курулмаларын куруу иштери да жүрүүдө. Белгилеп кетсек, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо быйыл толугу менен аяктайт. Трассанын жалпы узундугу 140 чакырымдан ашат.



