Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 125 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлдү

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 125 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлдү.

 

Бул жалпы пландалган аралыктын 90 пайызын түзөт. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолдун жалпы узундугу 141 чакырым. Учурда курулушка 978 жумушчу жана 402 атайын техника тартылган.