Балыкчы — Кочкор темир жолунда рельстер түздөлүп, пайдаланууга берүүгө даярдалууда

Балыкчы — Кочкор темир жолунда рельстер түздөлүп, пайдаланууга берүүгө даярдалууда.

 

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, Кочкорго чейин 20 чакырым жол калды. Үч күндүн ичинде ал аталган тилкедеги  жумуштар дагы аяктайт деп күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, Балыкчы — Кочкор темир жолунун жалпы узундугу 63,4 чакырым. Учурда жолдун бул бөлүгүнүн жана Кочкордогу эки кабаттуу станциянын курулушу аяктап жатат.