Балыкчы шаарындагы көл жээгине жакын курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документ Ысык-Көлдүн жээгине жакын аймакта мурда мыйзамдуу түрдө курулуп калган жеке турак үйлөрдүн укуктук макамын тактоого багытталган.
Учурдагы мыйзамга ылайык, көл жээгинен 500 метр аралыкта рекреациялык объектилерден тышкары башка курулуштарды курууга жана пайдаланууга тыюу салынат. Бирок ага чейин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамдуу негизде берилген жер тилкелеринде салынган үйлөрдүн укуктук абалы толук жөнгө салынган эмес. Мындай жер тилкелеринин саны Балыкчыда эле 1 миң 145ке жетет.



