Барскоон – Бедел унаа жолу 2028–2029-жылдары пайдаланууга берилет

Барскоон – Бедел унаа жолу 2028–2029-жылдары пайдаланууга берилет.

 

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, жаңы жол Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы үчүнчү өткөрмө багыт болуп,

 

Эркечтам жана Торугарт бекеттерине кошулат. Жол ишке берилсе, Кытайга каттаган маршрут бир тарапка 650 чакырымга, эки тарапка жалпысынан 1 миң 300 чакырымга чейин кыскарат. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушту үч жылда бүтүрүү пландалууда.