Узундугу 160 чакырымдан ашкан Барскоон – Бедел унаа жолу эки тилкелүү болуп курулат. Аталган жолду куруп жаткан Кытайлык компаниянын маалыматына караганда, каттам негизинен деңиз деңгээлинен 3 миң метрден ашык бийиктиктеги татаал тоолуу аймактар аркылуу өтөт.
Долбоордо 50дөн ашык көпүрө, анын ичинде үч ири мост, ошондой эле эки тоннель жана бир жол түйүнүнүн курулушу каралган.
Объектти пайдаланууга берүү 2030-жылга пландалууда.



