Барскоон — Каракол унаа жолунун 75 чакырымдык бөлүгү реконструкцияланат

Барскоон — Каракол унаа жолунун 75 чакырымдык бөлүгү реконструкцияланат. Тиешелүү макулдашуу Унаа жана жолдор министрлиги менен  кытайлык аткаруучу компаниясынын ортосунда жетишилди.

 

Ага ылайык, Ысык-Көл шакек автожолунун 141–216-чакырымдары оңдолот. Жол төрт тилкелүү болуп, ортосунда бөлгүч тосмолор орнотулат.

 

Ошондой эле долбоордо тротуарларды, аялдамаларды, жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астындагы өтмөктөрүн куруу, калктуу конуштарда көчө жарыгын орнотуу, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана арык лотокторун орнотуу каралган. Курулуш иштери май айынын аягында башталат деп күтүлүүдө.