Баткен облусунда 2030-жылга чейин 40ка чукул жаңы ишкана ачылат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлиги билдиргендей, тизмеге сегиз соода-логистикалык борбор жана 29 кайра иштетүү заводу кирет.
Жаңы өндүрүштөр айыл чарба продукциясынын жоготууларын кыскартууга жана сактоо шарттарын жакшыртууга багытталат. Объектилер облустун бардык аймактарында пайда болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



