Баткен облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата 15 жаңы объект пайдаланууга берилет

Баткен облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата 15 жаңы объект пайдаланууга берилет.

 

Президенттин өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, алардын 12си социалдык багыттагы объектилер.

 

Алардын арасында 225 жана 500 орундуу мектептер, үч бала бакча, ФАП, оорукана, Баткендеги автобекет жана Кадамжайдагы жыл бою иштей турган жабык бассейн бар. Жаңы объектилер калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.