Баткен облусундагы Зардалы айылына Кан-Тунук-Суу аркылуу баруучу жолдун 6,5 чакырым тилкеси асфальтталды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, иштерди №2 Жол эксплуатациялоо мекемеси толук аяктады.
Натыйжада алыскы тоолуу айылдын тургундары үчүн каттам шарттары жакшырат. Жолдун сапаты министрликтин көзөмөлүндө болот.



