Баткен облусунун аймагында жыл башынан бери 95 сел катталып, жалпы чыгым 213 миллион сомдон ашты. Турак жайы жашоого жараксыз үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан жалпысынан 29 миллион сом компенсация төлөнүп берилди, — деп “Азаттыкка” президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө быйыл тогуз айда селден 22 адам каза болуп, 5 миң 354 турак жайды каптап, 102 үй авариялык абалга келген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



