Баткен облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел турак үйлөрдү, короо-жайларды, административдик имараттарды, унааларды, ички жолдорду жана бир катар коммерциялык объектилерди каптап, материалдык чыгым келтирди. Айрым жерлерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Кээ бир жол каттамдары жабылды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өмүрүнө зыян келген жок. Келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда. Абал тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө.



