Баткен облусунун Лейлек раонунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 225 орундуу объект Миң-Жыгач айылында жайгашат.
Анда негизги окуу класстарынан тышкары лабораториялар, медициналык кабинет, окуу залы жана спортзал каралат. Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен 118 миллион сом бөлүнгөн. Учурга карата курулуш 60 пайызга аяктады.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



