Баткен районунун чек арага жакын аймактарындагы жарандарды көчүрүү иши аяктады

Баткен районунун чек арага жакын аймактарындагы жарандарды көчүрүү иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Атап айтканда, Баткен районунун Достук жана Дөбө айылдарынын, Ак-Татыр айыл аймагынын Таш-Тумшук айылынын, Көк-Терек жана Мазеиттин жери участкаларынын, ошондой эле Самаркандек айыл аймагынын Тескей участкасынын тургундары Бужум айылына караштуу Чет-Булак участкасына курулган жаңы конуштагы 181 турак жайга көчүрүлдү.

Көчүрүү иштери Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу тобу тарабынан коюлган протоколдук тапшырмалардын негизинде жүргүзүлдү.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.