Баткен районунун калкына арзан көмүр жеткирилди. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Сүлүктү шаарындагы кендеринен көмүр жеткирилип, элге базар баасынан арзан сатылууда. Тагыраагы, бир тонна көмүрдүн баасы 7 миң 500 сомду түзөт.
Калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында жалпы облус боюнча 64 көмүр сатуу түйүндөрү уюштурулду.



