Баткен районунун Жаңы Достук айылында 225 орундуу мектеп курулууда

Баткен районунун Жаңы Достук айылында 225 орундуу мектеп курулууда.

 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 197 млн сомду түзөт. Анда эки кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, ашкана жана бардык шарттары каралган спорт залы болот. Андан тышкары, жайкы волейбол, баскетбол жана футбол үчүн атайын аянтчалар каралат.