Баткен шаарына 5 даана жаңы атайын техника тапшырылды

Баткен шаарынын коммуналдык кызматтарынын техникалык базасы жаңы атайын техникалар менен толукталды.

 

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаардык муниципалдык автобазага эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, жүк ташуучу унаа тапшырылды.

 

Техникалар шаарды көрктөндүрүү, тазалык иштерин жүргүзүү, жолдорду оңдоо жана башка муниципалдык иштерге пайдаланылат.