Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чара 20-21-апрель күндөрү уюштурулат.
Фестиваль Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн эл аралык деңгээлде таанытуу, коңшу мамлекеттер менен маданий байланышты чыңдоо жана достук-ынтымакты бекемдөө максатын көздөйт.
Саамалыкка Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан да кол өнөрчүлөр, өнөрпоздор катышат. Анын алкагында түрдүү кароо-сынактар уюштурулуп, өнөрпоздордун чеберчилигин эл аралык деңгээлдеги калыстар тобу баалайт.



