Баткенде дээрлик 150 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулууда

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында заманбап тамчылатып сугаруу системасын орнотуу долбоору ишке ашырылууда.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында дээрлик 150 гектар жер камтылат.

 

Бул долбоор сугаттын натыйжалуулугун жогорулатууга, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.