Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, 27-июнда Баткен шаарында жана Баткен, Лейлек райондорунда ылдамдыгы секундасына 27-28 метрге чейин жеткен шамалдын кесепетинен келген чыгым эсептелди.
Алдын ала эсеп боюнча жалпы келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 16 миллион сом болду.
Жаратылыш кырсыгынын айынан айрым турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, материалдык чыгымдар келтирилген.



