Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери жанданды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери жанданды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн Ууч жергесинде чек араны тосуу иштери башталды.

 

Курулушка керектүү жабдуулар жана техникалар толук даяр. Белгилеп кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы облуста 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда.