Баткен шаарында кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда айрым участоктордо талаа изилдөө иштери жүрдү.
Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация процесси аяктаганын президент Садыр Жапаров былтыр январда билдирген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



