Баткенде сел коркунучун азайтуу үчүн көпүрөлөр жаңыланат

Баткен шаарындагы Курук сайда жайгашкан көпүрөлөр кеңейтилип, оңдолот.

 

ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришкендей, көпүрөлөр заманбап инженердик талаптарга ылайык реконструкцияланып, сел учурунда суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулатылат. Бул өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтып, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт деп күтүлүүдө.

 

Быйылкы нөшөрлүү жаандан кийин келген сел суулары Курук сайдагы көпүрөлөрдөн ашып, турак үйлөрдү жана Баткен электр тармактары ишканасынын имаратын каптап, материалдык чыгым алып келген.