Баткендеги Мадыген аймагы палеонтологиялык мурас катары дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, «Мадыген: дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык кенч» аттуу эл аралык симпозиуму өткөн.
Мадыген тоолорунда палеонтология жана геологиялык изилдөөлөр жүрүп келет. Анын алкагында геопарктан миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана сөөктөрү табылган.



