Баткендеги селдин чыгымы 20 миллион сомдон ашты

Баткендеги селдин чыгымы 20 миллион сомдон ашты.

 

Жарандык коргонуу кызматынын отурумунда белгилүү болгондой, Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргөн селдин жалпы чыгымы 20 миллион 800 миң сомду түздү.

 

Селден жабыркаган турак үйлөр толугу менен тазаланып, залалсыздандыруу иштери аяктады, убактылуу коопсуз аймактарга көчүрүлгөн тургундар өз үйлөрүнө кайтты. Ошондой эле үйү жашоого жараксыз абалга келген эки үй-бүлө убактылуу бош турак жайларга жайгаштырылды.