Баткен районунун Жаңы Достук айылында 100 орундуу заманбап бала бакча курулууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, республикалык бюджеттен каржыланган объекттин баасы 64 млн сомду түзөт.
Бала бакчанын жалпы аянты дээрлик 1 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имараттан турат.


