Баткендин Достук айылынан тургундарды көчүрүү боюнча 3 сунуш каралууда. Айыл жашоочулары менен Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жолукту.
Айылдыктарга же толугу менен акчалай кенемте төлөнүп, алар каалаган аймактан үй алып чыгып кете алышат, же Баткен шаарынын четине айыл курулат, же Кызыл-Бел айылынан алыс эмес жерде типтүү айыл курулат.
Орунтаев үйлөр толук инфратүзүмү менен мамлекеттин эсебинен салынарын белгиледи. Бул маселе боюнча чечим кабыл алууга бир жума убакыт берилди. Эске салсак, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Достук айылы Тажикстанга берилгенин, ордуна Тажикстандан 91 гектар жер алынганын билдирген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



