Базар-Коргон районунда заманбап тоок фабрикасы ачылды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, инвестициялык долбоорду ишке ашырууга 185 миллион сом багытталды.
Фабриканын кубаттуулугу 62 миң тоокту багууга эсептелген. Объект 3 этап менен ишке киргизилет. Ишкананын негизги продукциясы тоок жумурткасы болуп, анда 25 жаңы жумуш орду түзүлөт. Продукция Ош, Жалал-Абад облустарына багытталат.



