Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмак ченинде Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде экинчи сапка жайгашты. Спортчу жалпысынан 37 миң упай топтогон.
Белгилеп кетсек, Бекзат Алмаз уулу Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү.



