Бир айда Кыргызстандын чек арасынан 3,5 млн адам өттү

Туристтик сезондун башталышы менен Кыргызстандын чек арасындагы өткөрүү бекеттерине каттам кыйла көбөйдү.

 

Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, быйыл апрелде мамлекеттик чек арадан 3 миллиондой адам өтсө, июнь айында бул көрсөткүч 3,5 миллиондон ашты. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн агымы дээрлик 18% көбөйдү.

 

Чек ара кызматы активдүү туристтик сезонго, өлкөдө өтө турган ири эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу комплекстүү даярдык иштерин жүргүздү.

 

Өткөрүү пункттарынын бардыгы штаттык режимде иштөөдө.