Бириккен Араб Эмираттарынан Ысык-Көлгө түз аба каттамдарын кое берүү пландалууда

Бириккен Араб Эмираттарынан Ысык-Көлгө түз аба каттамдарын кое берүү пландалууда.

 

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришкендей, учурда эки тарап рейстердин жүгүртмөсүн макулдашып, Тамчыга жайкы учууларды баштоону талкуулап жатат. Андан тышкары, кышкысын Шарджа — Каракол аба каттамын киргизүү пландалууда. Жаңы багыттар чет элдик туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталат.