Биримдик-Кут конушун жарыктандыруу иштери аяктады

Бишкектеги Биримдик-Кут конушун жарыктандыруу иштери аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган конушта 200 заманбап чырак орнотулуп, 5 миң 400 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым тартылып, 68 сырткы жарык берүүчү түркүк орнотулду.

 

Натыйжада, аймак толугу менен жарыктандырылып, ыңгайлуулук жана коопсуздук жогорулаганы белгиленди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.