Биринчи класска 111 миңден ашык бала катталды. Мындай маалымат “Мектеп” порталында камтылат. Учурда орто билим берүү жайларында 81 миң 600 бош орун бар.
Эске салсак, учурда балдарды биринчи класска кабыл алуунун экинчи этабы жүрүп жатат, анын алкагында ата-энелер жашаган дарегине карабастан, каалаган мектебинде бош орун болсо, баласын каттай алат.



