Кыргызстандын мектептерине биринчи класска 143 миң 364 бала кабыл алынды.
7-сентябрга карата маалымат кабыл алуу жүргүзүлүп жаткан 1mektep.edu.gov.kg порталында жайгаштырылган.
Мектептерде жалпы 193 миңден ашык орун бар. Дагы 50 миңге жакын бош.
Кабыл алуу ушул аптанын аягына чейин уланат. 15-сентябрда окуу жылы башталат.



