Биринчи класстарга балдарды кабыл алууда экзамен, тесттер тапшырылбайт.
Бул тууралуу Агартуу министрлиги эскертет. Ведомстводон белгилешкендей, жашы жеткен балдар катталган дареги боюнча тиешелүү мектепке автоматтык түрдө катталат.
Бул биринчи этапта мүмкүн болот. Ал эми экинчи тур 1-июнда башталып, анда ата-энелер балдарын каалаган мектепте бош орун болсо каттай алышат.


