Бишкек-2 темир жол бекетинде жүргүнчүлөрдү жана алардын жүгүн милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү сунушталды

Бишкек-2 темир жол бекетинде жүргүнчүлөрдү жана алардын жүгүн милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү сунушталды.

 

Транспорт министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Ага ылайык, бекетке кирген бардык жүргүнчүлөр жана аларды коштоп келген адамдар текшерүүдөн өтүп, жүктөрү атайын жабдуулар менен каралат. Зарыл учурда жеке текшерүү жана кызматтык иттерди колдонуу да каралган. Текшерүүдөн баш тарткандар бекетке жана поездге киргизилбейт.