Бишкек,  Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары экологиялык таза жылытуу жабдууларын сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат

Бишкек,  Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары экологиялык таза жылытуу жабдууларын сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул мүмкүнчүлүк “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында берилүүдө.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, жарандарга 1 миллион сомго чейин насыя 5 жылга, жылдык 6 пайыздык чен менен сунушталат. Каражат жылуулук насосторун, электр казандарын, күн панелдерин жана башка энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алууга жана орнотууга жумшалат.