“Бишкек Арена” стадиону расмий түрдө 5-октябрда ачылат

“Бишкек Арена” стадиону расмий түрдө 5-октябрда ачылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

 

Бирок жаңы аренадагы алгачкы ири иш-чара 31-августта өтөт. Бул күнү стадиондо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи уюштурулуп, ага ШКУ саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар өлкө башчылары катышат. Аталган иш-чара стадиондогу алгачкы иш-чара болгону менен, расмий ачылыш аземи 5-октябрда өтөт.