“Бишкек Арена” стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи 5-октябрда өтөт

“Бишкек Арена” стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи 5-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, иш-чарага кирүү акысыз.

 

Бирок тартипти сактап, тыгын жаратпоо үчүн чакыруу билетин алдын ала алуу зарыл. Жарандар аны tiсket.gov.kg мамлекеттик сайты аркылуу алышат. Эске салсак, 51 миңден ашуун көрүүчүгө эсептелген “Бишкек Арена” комплекси 31-августта пайдаланууга берилип, анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөн.