Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 5-июнда жанданат

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 5-июнда жанданат.

 

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-июндан

21-июнга чейинки аралыкта поезд аптанын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт. 26-июндан 13-сентябрга чейин күн сайын каттайт. Билеттин баасы балдарга    73 сом, чоңдорго 150 сомдон башталып, 400-800 сомго чейин жетет.