Бишкек — Балыкчы поездинин каттамы көбөйөт. 19-июндан тарта поезд бейшемби, ал эми 23-июндан баштап дүйшөмбү күндөрү да каттап баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-июндан 7-июлга чейин дүйшөмбү, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 7-июлдан 31-августка чейин күн сайын жүрөт. Бул багытта жалпы 15 вагон каттамга тартылат.



