Бишкек — Балыкчы поездинин стандарттык вагондоруна билеттер эми күнү, вагондун номери жана отургучтун саны менен сатылат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Мындай чара жүргүнчүлөрдүн агымы өтө көп болгондуктан кабыл алынды. Жарандарга билеттерди эртелеп сатып алуу сунушталат. Бош орундар жок болсо, жүргүнчүлөр киргизилбейт, — дешти ишканадан.



