Бишкек – Балыкчы темир жол каттамында коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бишкек – Балыкчы темир жол каттамында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

 

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Ошондой эле ар бир каттам алдында поезд милдеттүү техникалык кароодон өткөрүлүп, коопсуздук, байланыш жана өрт коопсуздугу системалары текшерилип жатат.