Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди 26-июндан тартып күн сайын каттай баштайт

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди 26-июндан тартып күн сайын каттай баштайт. “Кыргыз темир жол” ишканасынын маалыматына ылайык, поезд Бишкек-2 станциясынан саат 8де чыгып, Балыкчыга 12де жетет.

 

Жолдо Кант, Ивановка, Токмок жана Кемин станцияларына токтойт. Туристтик сезонго байланыштуу поезд  13-сентябрга чейин күн сайын жүрөт. Курамда ар кандай категориядагы 16 вагон каралган.